укта

китептерде 344 жолу, 10 китепте
  1. Уйкуга кетүү, уйкуда болуу.
  2. Дененин бир жери уюп кыймылдабай калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канчоронун тушунда, / Бийдин бири Оболбек, / Элди айап калам деп, / Күндө жүрдү токмок жеп, / Уктабай өттү кырк күнү, / Күмбөздөн тосуп алууга, / Ой-тоодон элди жыйам деп, / Келе турган мейманга, / Айлынча кызмат кылам деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Айагына чыкканда, / Таң аткынча уктабай, / Жүрөгү толкуп атылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Берегинде, керегенин түбүнө жапшырыла, оң ийни пагону отко чагылышып жаркырап, буттарын чачып таштап, көмөрөсүнөн түшүп чочкодой корулдап, уктап жаткан — Бала Курман. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жигит макул болуп уктап жата берди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →