укмуш

китептерде 131 жолу, 10 китепте
  1. Таң каларлык окуя, укмуштуу кабар, жаңылык, шумдук, керемет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…п, / Кыпкызыл түлкү жакасы, / Кара баркут кыргагы, / Булуңдарда каргыма, / Боржуйган сонун саймасы, / Хан Манас сунуп Ажыма, / Калдайган тонду карматты, / Мына укмуш тамаша, / Менсеп берди башына, / — Куттуу болсун сыйлык, – деп, / Курдаштар келди кашына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кулак уккан укмушта, / Андан бери карата, / Жан туубады деди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Биз жедигерди алганда, / Жезкемпирдин жети уулун, / Хан көтөрүп жанганда, / Угуп көрсөм укмуштан, / Жети ханга ээ кылбай, / Тизгинди Кыйаз алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Көзү бир көргөн кишиге укмуш эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Балдарым, мен бир түш көрдүм, түшүмдө бир булбул үнүн мукам-мукам чыгарып укмуш сайрады, мен ошол булбулга ашык болуп, ашыктыктанн ооруп, минтип төшөктө жатамын, булбулду мага кимиң алып келип бересиңер? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →