уйкаш

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Ыр саптарынын, көбүнчө аяккы сөздөрүнүн тыбыштык түзүлүшү жагынан бири-бирине окшошуп келиши.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Анда Кыйаз кеп айтат: / — Андай болсо көпчүлүк, / Ат койгуңуң, — деп айтат, / Уйкаштырып өзүмө, / Бат койгуңуң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кыйаздын көөнү кир болду, / Семетейдин уулуна, / Үч жылы атын койбоду, / Кыйазга айла иштеттим, / Балага атты коймокко, / Үч жылдан кийин той болду, / Өзүмө уйкаш ат кой, деп, / Кыйаз айтып токтолду, / Эт бышымча эл жымжырт, / Унчуккан адам жок болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Балдарынын аты уйкаш. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Балдарынын аттары бир бирине уйкаш экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →