уйгу-туйгу
- Баш аламан, бир калыпта эмес, өйдө-ылдый, уюлгуган сыяктуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ы түйрүлүп, / Кара жанга күч келип, / Кабылан Асыл ошондо, / Найзасын колго карманып, / Капаланып каарданып, / Кабагы карыш чүмкөлүп, / Кайра жаачу булуттай, / Уйгу-туйгу бүркөлүп, / Айкөлдү алып оозуна.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Ушинтип элдин эси бир жерде турбай уйгу-туйгу түшүп, эки таалай болуп жатты.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →