уй
- Төрт түлүк малдын бир түрүнө кирүүчү музоо, торпок, кунажын, өгүз ж.б. жалпы аты.
- Ушул малдын төл берген, саала турган ургаачысы.
- Он эки жылдык эски жыл эсебинин экинчи жылы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Маңгыт калдык кеп баштап: / «Уйалба Курчун деп баштап, / Кыргыз деген эл экен, / Аба ачык, суу тунук, / Тоо бойлоп жүрүп ар кайда, / Тили тактын бири экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сапты айак уйул тал болсун, / Кымызың мүрөк бал болсун, / Сапты айактын чоңдугу, / Көк казанга тең болсун, / Ичиндеки кымызы, / Аз болсо айдың көл болсун, / Кел чогулуп ичели, / Айкөл шерди биз эстеп, / Ичтеки муңду чечели!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…зыла, / Тоо бөксөлөп күн тийип, / Күндүн мурду чачыла, / Дөбөнүн чыгып башына, / Дүрбүсүн алып ашыга, / Алмамбет айткан байагы, / Туңша жагын караса, / Тополоң уйуп, тоз түшүп, / Күн күлгүңдөп боз түшүп, / Жер суйулуп кылгылдап, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жайытта уйдун богунан, / Томолоктоп кургатып, / Кылга тизип тагынат, / Ошентип жүрүп ар кайда, / Көрүнүп элге далайга, / Түбү жок зандим бир жерге, / Түшүп өлдү жеркуйга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Тамактан кийин тышка чыгып баратсам, Василий эшиктин алдынан колумдан кармап, токтотуп алды да, уйларды кайда кайтарууну түшүндүрдү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →