узак

китептерде 25 жолу, 8 китепте
  1. Көпкө созулган.
  2. Алыс, ыраак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Биз узакка кетпейли, / Эстейли жана эстейли, / Эл сүйгөн баатыр Манасты, / Эр жараткан алашты, / Олуйа Кошой карыны, / Кабылан Бакай баштаган, / Он төрт хандын барыны, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…п, / Бадана тону шалдырап, / Барбагын деп айта албай, / Көкмончок калды жалдырап, / Уйалып келген эр Агыш, / Манаска айтат жабырап: / — Чукулга өтө тың элем, / Узакка анча жок элем, / Кармаганда Кошой эле, / Каткырыкты салчу элем, / Кабуусун таппай кармаштым, / Далайга жүрүп калчы элем. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колума тийсе намысым, / Колуңду артсаң мойнума, / Бышып турган дарбызмын, / Узакка барбай кубарат, / Күз көктөгөн алысын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Береги биздин маңдайыбызда калың апийимде жүргөн үч дуңгандын бири, Бежинден чыкканы, кырк жылдан бери жаңы эсине түшүп тургандай кишинин жүрөгүн куйкалаган бир түрдүү муңдуу, каралуу, обон салып узакка созуп, ысык күндү калтыратып барып коё коёт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бул экөө дагы узак жол жүрдү, акыры ээн талаа, эрме чөлгө жетишти. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →