уза
- Белгилүү бир орундан, жерден алыстоо, ыраактоо, белгилүү бир аралыкка бөлүнүп, озуп кетүү.
- Жөнөө, жөнөп кетүү.
- Белгилүү бир убакыт өтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ортодо Отор оолугуп, / Ойлонуп чочко олтуруп, / Он миң киши кол бөлүп, / Өзүнө кийин туруучу, / Он эки мыкты зор бөлүп, / Туйбасын деп Чигитей, / Бир кишини купуйа, / Түн ичинде узатып, / Медеркан кошо барат, деп, / Таласты көздөй жол берип, / Билбемиш болуп жатыптыр, / Жиберген киши алдыртан, / Медерканга айтыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Элдер айран калгандай, / Уккандар кебин салгындай, / Урматтап сени узатсам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Узаттыңбы Жакыпты, / Көөнүн ачып кош кылбай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…кбаланы көрсөтүп, / Көргөндө Гүлнар жүгүнүп, / Башкага чылбыр карматпай, / Атын алды жүгүрүп, / Көчүрүп келип Гүлнарды, / Коргонго алды түшүрүп, / Урумдун элин узатты, / Он-он беш күн күтүшүп, / Кулу менен күңүнү, / Калтырбады бирини, / Жалгыз бала Сейитек, / Бир закматы болор, деп, / Айдай катын Айчүрөк, / Баарын кайра кети…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жигит кудуктан узап кеткенден кийин, бул жерге кербенчилер келишти.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →