уз

китептерде 51 жолу, 8 китепте
  1. Чебер, устат, мыкты ишмекер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ханга теңтуш уз болуп, / Мадана көөнү толуптур, / Калемкашка туш болуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кылымдан тандап кыз алды, / Оймоктуудан уз алды, / Уз алганда бешти алды: / Ороздунун “беш уз” – деп, / Эл ичинде кеп калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тапан хандын элинде, / Өңү сүйкүм кыз болсо, / Жез оймок салган колуна, / Элден чыккан уз болсо, / Калтырбай алды баарысын, / Жашы менен карысын, / Зордук кандай экени, / Эми Сейитимден таанысын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Гүлүстөндөй шер келди, / Артыла тууган атадан, / Сейтек сындуу эр келди, / Айдай Чүрөк уз келди / Өлжо башы Кутубай, / Аа кошулуп бир келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Каракан кызы Каныкей, / Катындан чыккан уз эле, / Камка тондун тышы эле, / Ак калпак элге эне эле, / Ак олпок тонго жең эле, / Түркүктөй элге бел эле, / Акылдын чыккан кени эле, / Сүт урган көркоо Канчоро, / Эмчегин эмген дээр эле, / Кадырын суттун кыларбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →