удаа
- Катарынан, катары менен, биринин артынан бири.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…н камынып, / Алдыртан өөдө какканы, / Жолум үйдөй чоң чокмор, / Асманды карай учканы, / Кайта жерге түшөрдө, / Түшүрбөй жерге Кененим, / Жана какты чокморду, / Удаа улай кагылды, / Чокмордун башы жарылды, / Анталаган чоң калмак, / Кылычын тартып кынынан, / Жандан тойуп так жадап, / Аша кечип жанынан, / Жалтылдатып кылычын,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ырамандын Ырчы уулу, / Чыйрактын бири болучу, / Уруксат алып Бакайдан, / Удаа кирди мына бу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…Жалынсыз күйгөн от болду, / Күндүн көзүн чаң алды, / Күн көрүнбөй тунарды, / Чаң арыла бергинче, / Чакчайып бетпак турганы, / Чаңдан чыгып Семетей, / Атырылтып удаанды, / Элөөсүз турган чочкону, / Далыдан нары бир сайды, / Үзөңгүдөн бут тайды, / Ээрден көчүк бултайды; / Жыгылбай чочко оңолду, / Кайратына карк толду, / Ошол үч…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Антип-минтип турушуп, / Мылтык атып, чабышып, / Удаа он күн урушуп, / Өрүшүнө Коңдурбай, / Өрүүн берип Коңдурбай, / Далай салды кыргынды, / Беттешкенин соо кылбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Байзак удаасы менен алты жыл болуш болгон адам.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →