убара
- Бир ишти аткаруу үчүн кыйналып-кысталган аракет, машакаттуу, түйшүктүү аракет, убаралануучулук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жандай чаап салбактап, / Убара болбос жакшы эмес, / Карды ачканды каңгырап, / Эгин издеп тамтаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
деген, / Кулакка кеби угулуп, / Кайра тарта басканда, / Улугу анын Кубатай, / Кулагы угуп калыптыр: / — Кулжуңдаган чунак кул, / Менден болбой уруксат, / Барар болсоң кыргызга, / Убара болбой жата тур, / Кой, Балтыркан кой!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Убара болбой мынчалык, / Жатсаң боло шүк эле, - / Бозуул деген бар экен, / Кеп айтканы шар экен, / Тили таттуу, боору таш, / Өзү чүлүк бала экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…р, / Музой Калча жетем деп, / Эң эле жаман шашыптыр, / Калың Калча кеп угуп, / Жалгызек келди деп угуп: / — Музой Калча, оңбой кал, / Байлап бербей бүркүттү, / Убара кылып баатырды, / Мунуң жакшы иш эмес, / Колкосун берет болуучу, / Кошойдун уулу Жалгызек, / Кара жемсөө киши эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Атасы Манас шер эле, / Ага кишикатылса, / Жакшы болбойт — деди эле / Жиберип киши кат жаздың, / Сенин сөзүң кыйалбай, / Айдап кошун, мен тарттым / Убара болсом мен болдум, / Кой Канчоро жолборсум!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →