убал

китептерде 65 жолу, 10 китепте
  1. Күнөө, бирөөнү жапа чектиргендиги, бирөөгө залакасын тийгизгенди, туура эмес иш үчүн жоопкерчилик.
  2. Аянычтуу абал, кыйын, оор абал, жапа чегип, кыйынчылыкка туш келүүчүлүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Энөөлүк кылып элебей, / Эл козголуп чайпалды, / Түбөлүк болуп ченебей, / Найзаны сайып мылгытып, / Көгүчкөндөй сыргытып, / Кете берсем ыргытып, / Эндекей элге убал, — деп, / Эми эле мени кырам, — деп, / Карапайым букара, / Ханы жарлык кылганга, / Калбай келет бүт мында, / Кай муратка жетемин, / Карандай элди кырганга? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…Канчоро өлүп кетти эми, / Кылчайып туруп ошондо, / Каныкей айткан бир кеби: / — Өлүгүн таштап салбаңар, / Кескилеп алган эт да бар, / Иттин тиши тийбесин, / Ит убалын кантебиз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ушунчалык көп элдин, / Төбөңдөн тийген чорого, / Бир куну жетер убалы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Өз убалы өзүнө...— деп коюп, кайра басып челектен жарма куйду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Сага убал болгон экен, алыс сапарга бара жатканыңды билбей атыңды жеп койбодумбу. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →