убада
- Бир ишти аткаруу үчүн берилген сөз, шерт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Убадаңды бек кылсаң, / Чачылган малды бүт жыйсаң, / Сандыкта зарды жам кылсаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Деп жазыптыр Кененим, / Убадасын токтотуп, / Бек жазыптыр Кененим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жолдон тапкан кылычың – / Өткүрлүгү кылычтай, / Төтөп болгон эренге, / Түгөнбөгөн ырыстай, / Өмүр бойу бек турган, / Убада сөз жылышпай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Баарыбыз кезек менен айтууга убада болду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Эртең дагы алып келем, – деп убада кылды.Султаналы бактын сол жагындагы мөмөлөрдү терип туруп падышаныкын көздөй басты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →