төөчү
- Төө баккан, төө кайтарган адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Санаты кыркка кошулбай, / Абаң Бакай кары бар, / Арстандан баш тартпас, / Алп мүнөз Чубак дагы бар, / Баштап жүргөн баарысын, / Ай көл Манас залы бар, / Огу менен дарысын, / Олбун алып баарысын, / Казанчы бар, төөчү бар, / Калк башкарып жүрүүчү бар, / Бастырып чыккан айылдан, / Төрт жүз сексен киши ал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жылкычы менен койчулар, / Төөчү менен уйчулар, / Тойго келсин айтыңар, / Малчылар тойдон баргыча, / Кабар алсын малынан, / Кутубайдын баласы, / Кара дөөдөй алпыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…сөйкө келинге / Жай кеңешип олтуруп, / Алып барсаң болбойбу, / Адашып жолдон каласың, / Күлчоро кулду артыңа, / Салып барсаң болбойбу, / Кебез байлап башына, / Төөчү минчү Көктокол, / Алып барсаң болбойбу, / Куру алпарбай көк атты, / Кол куржунга алтынды, / Артып барсаң болбойбу, / Туудан тандап кырк жылкы, / Айдап барсаң б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Төөчүлөрдү түштүккө, / Түздөп жолго салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Карчыга андан кийин уйчуга, төөчүгө, жылкычыга барат, алар да алып чыга албайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →