төшө
- Жазып салуу, бир нерсенин үстүнө тизип, тегиздеп коюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айрыкча качат дөөлөт-бак, / Агып жүргөн кептерди, / Кулак төшөп тыңдасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Арстандан калган жетимдин, / Көөнү эркин болсун, деп, / Куйругуна Мадыбек, / Бактага кошуп май төшөп, / Кайратына толсун, деп, / Казы кесип жедирет, / Куурдакка кошуп май берет, / Сапты айак менен чай берет, / Желбестен жорго мингизет, / Жеткилең кызыл кийгизет, / Атасынын өлгөнүн, / Мадыбек ага билдирбейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Өз оозуңан угушту, / Кулак төшөп турушту, / Арызыңды сенин, Абылтай, / Бакай менен Манасым, / Эки эрен сурасын, - / Анда Манас муну айтат, / Агартып тишин кылайтат: / — Абылтай абам карыптыр, / Уй минип жүрүп арыптыр, / Карылыкка карылык кошулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Желек төшөп бүгүлдү, / Катын-балам алсын деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Сарайдан бир тердик таап жамбашыма төшөп алгамын.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →