төш

китептерде 134 жолу, 10 китепте
  1. Дененин курсактан моюнга чейинки алды жак бөлүгү.
  2. Тоонун боору, тоо бетинин жогорураак жагы.
  3. Сүбөө, акырек жана кабыргаларды туташтырган кемиктүү сөөк, көкүрөк бөлүгүн туташтырган сөөк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…жанганы, / Чанданды көргөн Чакмакташ, / Андестиги кармады, / Кисепчеден жаңдата, / Күрөөкөсүн көтөрө, / Кара санга сайганы, / Найзанын учу жетиптир, / Узундугу төш жары / Этин тилип кетиптир, / Кара сандан кан агып, / Арыкта суудай шар агып, / Жандап өттү Чакмакташ, / Жана санга бир сайып, / Тоодой болгон Сазандан, / Эки … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Баатырдын огу белек, — деп, / Катышым менин керек” – деп, / Аны менен кээри жок, / Эл чуркурап деректеп, / Көйнөгүнүн ичине – / Төшүнө катып жиберет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
салышып, / Кандыргалап жарышып, / Эңиш менен жарышып, / Эликтей колун сайылтып, / Асабасын жайылтып, / Өргө салып тартышып, / Минип жүргөн аттарын, / Кулжадай төшүн салынтып, / Аттар чарчап жүрбөдү, / Жөө күрөшкө кирди эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, / Төшөгүндө кыш болуп, / Кооп сийген эрди көр, / Койнунан колун чыгарып, / Аттан деди Алмамбет, / Аскерди… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баласы аман табылган, / Ыйласа жакшы болобу, / Каныкейди Семетей, / Сагынган экен ченебей, / Төшүнө башын койгону, / Мемиреп жаны жай алып, / Куш уйку салып ойгонду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →