төрө1

китептерде 442 жолу, 10 китепте төрө 2 →
  1. Колунда бийлиги бар ак сөөк адам, кадырлуу мырза, башкалар анын сөзүнө баш ийген кадырман, баатыр.
  2. өт. Эң мыктысы, кадырлуусу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күркүрөтүп найзасын, / Күү чыгарып качырды, / Көмө сайып кетем деп, / Көкжал төрө баатырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, / Төшөгүндө кыш болуп, / Кооп сийген эрди көр, / Койнунан колун чыгарып, / Аттан деди Алмамбет, / Аскердин алдын чубатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жалгыз күчүк тууптур, / Алып барып күчүктү, / Зайыбынын салып алдына, / Кайыпчал айтты зайыбына: / — Сен төрөдүң жети кыз, / Жетинчиси ушул кыз, / Баарысын алды Шукшур дөө, / Баласы жок жүрөбүз, / Ар жылы отко күйөбүз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эгер почто келип, жетер замат жолчулар даяр болбосо, же ашууга барганда аттары тартпай калса, почтодо отуруп бараткан төрөлөр жолчуларды омбу карга будалап, тепкилеп коё берүүчү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошол аялың төрөгөнчө, соода кылам деп бир шаарга кет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →