төркү
- Ички, ичкеридеги, ич жактагы, төр жактагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Төркүндөн бирөө болбосо, / Той бербейим деп жүргөн, / Ушу быйыл Көбөгөн, / Он сегизге кирет, деп, / Сейтек келди Таласка, / Төркүндөн киши келет, деп, / Той берем деп Кардыгач, / Кабар салган баары элге, / Кийинки жылы баш оона, / Тойго баары келерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— / Көкчөдө алтын көп эле, / Үмүтөйдү алдайын, / Букарга кетти Агеркеч, / Төркүнүмө барам — деп, / Агаркеч кайта келгиче, / Ар шумдукка көндүрүп, / Айабай муну булгайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кеңкөл өөдө жүрдү, дейт, / Кеңкөдун төркү башына, / Адырмак аска ташына, / Алар чыгып келди, дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Аты Бурулкан, төркүнү күңгөйлүк саяк, кадимки Талканбай манаптын жакын тууганы экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Канды төркү үйүнө киргизип, өзү үйүндө тамагын бышыра берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →