төлө2
- Сатып алынган нерсе үчүн, пайдалангандыгы үчүн баасын, мүчөлүк акысын, карызды, салыкты ж.б. берүү, бүлүнгөн, жоголгон нерсенин ордун толтуруу.
- Жумшап, жоготуп, жок кылып бүлдүрүп-сындырып койгондугу үчүн кандайдыр бир нерсенин наркына, баасына барабар келгендей өлчөмдө акча каражатын берүү же башка бир нерсе берип эсептешүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Багдатты жөөт кысканда, / Барып калып кененим, / Жөөттүн элин жүдөтүп, / Далай алым төлөтүп, / Төрт жаштакы баланы, / Бааша койуп кетиптир, / Бала бааша атанып, / Ал муратка жетиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Төлгөчү кара Төлөгүн, / Төлгөңдү салчы Төлөгүм, / Арстан Манас кайда экен, / Айтчы мага көргөнүн,- / Алымдардын Алакен, / Актай далы көрүчү, / Ашкере айтчу бала экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мен казанчы болойун, / Сен болуп ага күч күйөө, / Калыңын төлөп келели, / Дене кул кылып Оруска, / Күлчоро кулду берели.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Үч жылдай баккан акымды төлөйт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Асан эки агасынын ичкен-жегенин бүт төлөп, куткарып кудукка барат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →