төл
- Малдын жаш тукуму.
- Кандайдыр бир иштин, аракеттин жемиши, келип чыккан натыйжа.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргыздын малын жый десе, / Алгандар келет жетелеп, / Төлүн кошуп бер десе, / Толтурат санын тотолоп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тукуму өскөн төл арбып, / Жибектен түшүм көп алып, / Жардысы калбай Нойгуттун, / Бары кеткен бүт байып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыргыздар жатат жан жыргап, / Дүнүйөгө көз тойуп, / Арбытып төлүн мал жыйнап, / Кайда жүрөт экендир, / Дабытай шордуу жан кыйнап?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эсен хан берип биздерге, / Жаңыдан келдик бул жерге, / Өтө жакшы жер экен, / Жылкы арбып төлдөргө, / Байлар жатса эң сонун, / Малын айдап төр-төрдө....
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Койлор бооз чыгып калса, төлү менен он алты болот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →