төк
- Кандайдыр бир суюктукту чачып же шарт куюп жиберүү, жаба куюу, ичиндегисин көңтөрүп же ыргытып таштоо, чачыроого дуушар кылуу. Катуу жаап кирүү.
- Тапшыруу, төлөө.
- Коё берүү, абдан күчөтүү, үстөкө-босток демөө, ашып-ташуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бөлүнүп бизден Каракөз, / Кыргызга барып бата албайт, / Сегиз хандын баарысын, / Селдей канын төксө да, / Кыргыз кебин эп көрбөйт, / Кастык кылды коргонго, / Күнөөсүн мунун өткөрбөйт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кадимки наркым бар болсо, / Канын төгүп келейин, / Өнөгүмдү мен кантип, / Өз колумдан берейин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сыйкырдын баары төгүлдү, / Тордон Сыргак бөлүндү, / Байкап көрсөм Сыргакты, / Бир ажыдаар көрүндү, / Белсенип турган оогандык, / Бекерге каны төгүлдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айчүрөк менен Каныкей, / Ат жетер жерден алдырып, / Элди арбын жыйыптыр, / Жерге төгүп алтынды, / Чөккөн төөдөй кылыптыр, / Ошол кезде Каныкей, / Элге айтып туруптур: / — Тилинен тартып өзөккө, / Ич этине тийбеңер, / Өлүп кетет тийсеңер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Анын бир максаты: алдынан кезиккенин атуу, кан төгүү, кыруу, мал мүлкүн талоо, чарбаны бүлдүрүү...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →