төгүн
- Жалган, калп, чындык эмес.
- Бекеринен, жок жерден, негизсиз, тегин.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ле албай, / Канчага Калдык буулуп, / Жана калдык жай айтты, / Жакшыларга муну айтты: / — Жайчың болсо жайын айт, / Далычың болсо дайынын айт, / Төлгөчүң болсо, төгүн айт, / Төгүн айтпай чынын айт, / Изчиң болсо билип айт, / Көргөн болсоң көзөп айт, / Көз боочу болсоң, көрүнө айт, / Көзүң көргөн ишти айт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жарымы төгүн, жарымы чын, / Жарандардын көөнү үчүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Качырып кирип барганда, / Баарысы турду чуркурап, / Бөлүндү балдар чыркырап: / — Төрөбүзсүң Алмамбет, / Төгүн эмес айткан кеп, / Таштабай бизди ала кет, / Жаныбызсың Алмамбет, / Калпыбыз эмес айткан кеп, / Каканга койбой ала кет, / Аркаңа бизди сала кет, - / Анда туруп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эр Коңурбай кат жазган: / “Ырас сөзүң деп жазган, / Мурун Кеңкол сеники, / Бүгүн Кеңкол меники, / Мунуңда төгүн буруу жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Күмбөзгө барар кез эмес, / Көргөнүм төгүн түш эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →