төбө
- Баштын үстүнкү бөлүгү, чоку.
- Кандайдыр бир бийиктиктин, тоонун, үйдүн ж.б. эң үстүнкү бөлүгү, жогору жагы, чокусу, учу.
- Баш кийимдин кыруусунан жогорку түп жагы, үстүнкү бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баарын көрүп алардын, / Абыдан көрүп аралап, / Азык менен аралды, / Кашкар менен жол жүрүп, / Ак калпак кыргыз эл көрүп, / Чеч төбө келип бел ашып, / Бактыбай менен көрүшүп, / Эсен-соосун билишип, / Таласка кетти Бекбача, / Карсылдашып күлүшүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…удан бешөөнү, / Томолотуп өттү эле, / Мен- мен деген жетөөнү, / Жыйырма үч балбан илегер, / Баары мыкты кеменгер, / Карсылдашып кагышып, / Каарданып чабышып, / Төбөдө чокмор чакылдап, / Көөдөндө найза такылдап, / Тегеректеп келгенде, / Тентек тууган Кененим, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагы катуу чүмкөнүп, / Каз таман найза …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Төбөмдөн урса кобомбу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күн төбөдөн кыйшайды, / Бир жерге токтоп түшөбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эриккен кишинин эрмегиндей кылып, төбөсүнөн укуй алып жаза-буза көзүн чукуп, ызалап жатып, аны бир кезде ыйлатып койду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →