түңүл
- Үмүт үзүү, күдөр үзүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Артында турат чигиттин / Кашкайган сонун жигиттин, / Атайын келген Торгойдун, / Тасмадай бели бүгүлүп, / Тартынбай айткан кебине, / Атасынан түңүлүп, / Араң-араң токтолот, / Келейин деп жүгүрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…лычын тартып кынынан, / Жандан тойуп так жадап, / Аша кечип жанынан, / Жалтылдатып кылычын, / Жан алам деп күркүрөп, / Түрүн көргөн Төбөйдүн, / Далайлар жандан түңүлүп, / Кыйкырыгы таш жарып, / Таштан өтүп баш жарып, / Кыйырдан келип урганы, / Кыраандын уулу Кененим, / Найза менен камына, / Булчуң эткен сайганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бир күндүк жолду үч күнү, / Бекер ачка бастым, деп, / Карайлап көзүм талды – деп, / Карыптык жанга батты” – деп, / Кайгы булут сүрдүгүп, / Хан досунан түңүлүп: / “Мында туруп нетейин, / Не мураска жетейин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Торсолдой келип коргонго, / Дарбазадан киргенде, / Кабылан Бакай, Каныкей, / Гүлчоро - үчөө жүгүрүп, / Муну көргөн Чанданбай, / Кадырлуу болгон калгандар, / Кара жандан түңүлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Булар бизди эбак өлдү деп, түңүлүп коюшкан экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →