түш3
- Жогорудан, тоодон ж.б. төмөн карай багыт алуу, ылдыйлоо.
- Ат үстүндө, транспортто ж.б. отурган абалдан жер баскан абалга, жерде турган абалга өтүү.
- Транспорттун же башка бир нерсенин ичинен орун алуу.
- Ажыроо, кулоо, бөлүнүү.
- Башталуу, болуу.
- Басуу, каптоо.
- Белгилүү бир деңгээлден төмөнүрөөк абалда болуу.
- Кабылуу, капканга, тузакка ж.б. кармалуу, дуушар болуу, туш келүү.
- Тереңдикке, бир нерсенин ичине кирүү, ортосунда, арасында болуу.
- Изи, тагы калуу, сүрөтү, элеси тартылып калуу.
- Шоола, жарык тийип туруу.
- Дарылануу, көрүнүү.
- Күрөш, эңиш сыяктуу кандайдыр бир мелдештерге, оюнга катышуу, беттешүүчү тарап болуп чыгуу.
- Чөмүлүү, киринүү.
- Кандайдыр бир абалда болуу, белгилүү бир абалга келүү.
- Ойго, эске, көңүлгө келе калуу.
- Белгилүү бир баасын, канчага тургандыгын көрсөтүү үчүн колдонулат.
- Кыймыл-аракеттин, абалдын ж.б. болуп өткөндүгүн, кокусунан болгондугун, тездигин ж.б. билдирүү же узакка созулгандыгын, бир нече кайталангандыгын билдирүү маанисинде көмөкчү этиш катарында колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— деп, / Өлүгүн ойго түшүрүп, / Лопнурга койсом белем, — деп, / Аманат койуп бул кумга, / Каңгайга барып келгинче, / Таанылбай калат Чакмакташ, / Элдин көөнү ооруур деп, / Өңөрүп алып жөнө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Малды ээрчип кетпеди, / Жашы бышты болгунча, / Даакы жүнү түшпөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чөпкө жини түшпөсүн, / Чөп убалын кантебиз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бара жатып үйдөгүлөрдүн абалын ойлодум, өзүмдү бир боштондукка чыга түшкөндөй сездим.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Атаке, түшкө сатып жибердим, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →