түшүнүктүү
- Түшүнөрлүк, түшүнүгү ачык, даана, белгилүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кара бойу бир дөбө, / Үстүндө соот күрөөкө,, / Карай калып Кара дөө: / — Үч жылдан бери той бербей, / Шектенип жүрөт дедиңиз, / Түбү кандай кеп эле, / Терип айтып тегинен, / Айра сүйлөп жигинен, / Түшүнүктүү бериңиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бир аз ойлонуп калып артынан буларга ушундай айтсам түшүнүктүү болот деген кишиче чала-була казакчалат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
«Кетти» дедик — түшүнүктүү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →