түштө
- Түш мезгилинде, түш маалында, түш ченде.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чоң Бодоңдун тулпары, / Куйун минип кууса да, / Кууган душман жетпеген, / Куйун минип качса да, / Кутулуп душман кетпеген, / Бөлөкчө сонун мал экен, / Буудандыгы таанымал, / Өтө башка жан экен, / Ат изине салыптыр, / Түндө кеткен качкынга, / Түштө жете барыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Түштө көрсө буураны, / Жебирейил дечү эле, / Жебирейил көрүндү, / Мойнума алдым өлүмдү!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кыш өтүп жайга айланды, / Желеге кулун байланды, / Суйкал аттуу бир келин, / Бокмурун жаткан чатырга, / Түштө кирип барганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…/ Жөнөп кетти теңселип, / Эсинен кетпейт ар күнү, / Кең Бейжинге барышы, / Атанын тилин албаган, / Кара мээнет Сейити, / Кара мендер басышы- / Караңгы эмес тал түштө, / Басуучу жолдон азышы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Кызыл чоктордун кесиби ошол, алар ээн жердин карышкырындай кутуруп, ары-бери өткөндү талап, тал түштө маңдайга чабуул жасап келе коюп, азыктүлүгүн артынып, жумушка түшүп бараткан бирин-серин кедейлерди кармап алып, атын минип, ээр токумун өзүнө жөө көтөртүп, жа…
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →