түшкүн

китептерде 17 жолу, 7 китепте
  1. Өрмө камчынын учундагы түйүн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Барса Шоорук муну айтат: / — Ашпай белден керүүгө, / Кеңири жерге түшкүн, деп, / Тээ белде турган киши айтат, / Көргөндөн бери караанын, / Бүткөн бойум калтылдап, / Токтобой кара тер басат, / Ошентип турса ач белде, / Алдында мунун ким ашат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Заңкайган тоодон артылып, / Ай үстүнөн ашпайт деп, / Ай ашалбай тоо бийик, / Ай түбү деп айткан кеп, / Мындан нары калганды, / Айта албаймын билем деп, / Куйалыдан угуп кеп, / Гүлүстөн элди түшкүн, дейт, / Бутуңду сунуп жай жатып, / Эми уктап көпкүн, — дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чокусуна чок койду, / Түшкүнүнүн учуна, / Сомдоп карыш ок койду, / Алаканын бек кылды, / Душманды карай кек кылды, / Табылгыга саптады, / Бүлдүргө такчу жерине, / Чулгур салып көзөткөн, / Абыш… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ак сарайга алпардым, / Караанын көрүп жөө басты, / Мен түшкүн деп айтпадым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Чокусуна чок койгон, / Түшкүнүнүн учуна, / Сомдоп карыш ок койгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →