түтүн

китептерде 133 жолу, 10 китепте
  1. Күйүүдөн пайда болуп, абага көтөрүлүп чыккан газ түрүндөгү заттардын жыйындысы.
  2. Өз алдынча бир үй-бүлө, өзүнчө бир үй эсебиндеги чарба бирдиги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кененимди кулаткын, / Төрт бутка атып кула атын, / Бастырбай сазга сулаткын, / Буйругумду кылгын, — деп, / Оозунан бурап көк түтүн, / Айтып турат Көкбөрү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…дун уулу он тогуз, / Өлтүрүп булар салышты, / Хан Калдыктын саркынды, / Түп тамыры үзүлдү, / Түгөтүп кыргыз бүтүрдү, / Ошондон кийин каңгайдын, / Көбөйүп келет түтүнү, / Ач көзүн элге сатпаган, / Ак калпак кыргыз эли, деп, / Каңгайдын белин ашпаган, / Каратил айткан кебинен, / Бүткүл каңгай кайтпаган, / Кыргызга болгон бүлүк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Так көтөрүп ордону, / Талаага тиккен кези экен, / Кудайдын берген иши экен, / Короолош болгон коңшусу, / Токсон түтүн киши экен, / Отуз нөөкөр, кырк шайы, / Ордону баккан жаштары, / Алдынан тосуп Ажынын, / Атын алып байлады, / Эр Төштүктүн үстүнө, / Эшик ачып баштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куйруктан түтүн буу чыгып, / Обону карай созулуп, / Күүсүнө чыдап тура албай, / Көөнөргөн дубал-тамдардын, / Канчасы калды бузулуп, / Коргондору бүт элге, / Үйдө-эшикте олтурган, / Талаа-түздө жүргөнгө, / Доошу такыр угулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ар кайсы жерлерде анда-санда бурк эткен мылтык түтүнү гана көрүнүп калат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →