түс
- Белгилүү бир өң, ыраң.
- Кебете, түспөл, көрүнүш, түр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күркүрөгөн күч менен, / Жан алуучу түс менен, / Беттешип найза сайышты, / Сайдырбастан кагышты, / Машы чыккан андестер, / Кең майданда табышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Торгойдун муңдуу үнүнө, / Муңканып айткан күүсүнө, / Кубулуп турган түсүнө, / Муз туруштук кылалбай, / Мөңгүлөр агып, кар эрип, / Эңкейип талдар бүгүлдү, / Өөдөлөп өспөй бой керип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Туулгасын башка чөмөрүп, / Өчөшкөн доңуз көгөрүп, / Каңгайлап ураан чакырып, / Кайраты көптү жапырып, / Майданга келди лакыйып, / Калың кыргыз калкынан, / Кененим чыкты бастырып, / Жаалысы келип жүзүнө, / Баатырдын уулу чунактын, / Жан багалбай түсүнө, / Бир сары тон жамынып, / Күрөөкөнүн үстүнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Караңгыда жүрүпсүң, / Карбаластап келипсиң, / Түнүчүндө жүрүпсүң, / Дүпдүрөңдөп келипсиң, / Түсөрүн качып, түн катып, / Өтө ашыгыш жол басып, / Хандан келген кат барбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Мен кырдан жүгүрүп алдымда бир кабакка кире берген жерде түсүнө катуу коркунуч белгиси кирип, көзү чакырайып калың чалканга жаңы тыгылып жаткан бирөө мага:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →