түрткүлө

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Кол, бут ж.б. аркылуу бир нерсени түртүп көрүү, козгоо, тийгизип түртүү.
  2. Таасир этүү, түртүү же айдоо аркылуу бир жакка багыттоо, жылууга, ордунан турууга мажбурлоо, аргасыз кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жоготойун барып, — деп, / Чынаача минтип турганда, / Өзүнчө жатып күүлөнүп, / Муну кудай урганда, / Коңурбай аны түрткүлөп, / Оолуктуруп койуптур, / Чаначтан бетер жел берип, / Бучкагынан чойуптур: / — Каңгайдын тоосу айланып, / Амалайга туташат, / Бир башында мен турсам, / Бир баш… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Качып кеткен качкын кул - / Сорандыктын баласы, / Түбүнөн козгоп түрүктү, / Түрткүлөп келди карачы - / Эсен ханга Коңурбай, / Жандатып айтып тийгизип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
— Тур, кагылайын музоого бар,— деп акырын мени түрткүлөп, ойготуп жиберди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
— деп түрткүлөп, бирөө бизди ойготуп жүрөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →