түрсүлдө
- Түрс-түрс эткен дабыш чыгаруу, түрс-түрс этүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Изди көрсө билер, деп, / Ичи жаман душмандан, / Мында келсе көрөр, деп, / Атты айдап тар жерге, / Куйругу менен шыпырып, / Изди койбой бар жерге, / Таң агарган мезгилде, / Жыгылган өзү байакы, / Тар кыйага келди эле, / Түрсүлдөгөн бир табыш, / Кулагына кирди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
таң бозоруп, / Супа салган чактарда, / Арстан Манас баатырың, / Уйкусунан ойгонуп, / Ордунан туруп толгонуп, / Эшикке чыгып айкөлүң, / Даарат алып жатканда, / Түрсүлдөткөн бир аттын, / Дүбүртү кирди кулакка, / Кылчайып артын караса, / Ажыкеңдин Карткүрөң, / Байлануу турат кадаада.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…түшүп калба салалы” / Деп ошентип баатырлар, / Ат үстүндө чалкалай, / Чирене тээп үзөнгү, / Кебирлери кайкалай, / Кобураба, шүк дешип, / Куу түлкүнү издешип, / Түрсүлдөтө бастырбай, / Түлкүгө шыбыш алдырбай, / Алчактатып тулпарды, / Артын бопбоз чаң кылбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Бир күнү эртең менен бирөө төмөнтөн түрсүлдөтүп, биздики жакка бастырып келди да:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— деди бирөө караңгыда түрсүлдөшүп жүрүп.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →