түрс

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Бир нерсенин жерге катуу урулганындай, жерге катуу тийгендей күңүрт чыккан дабышты, дүбүрттү билдирүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…дын сыны бар, / Жал менен куйругу, / Бакай хандын Бозжорго, / Маңдайында кашкасы, / Каныкейдин Кара кашка аргымак, / Май канжыга, кең карчыт, / Жылкыдан чыккан түрс айак, / Көмөрүп койгон чарадай, / Бутундагы төрт айак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Уктабай Шыгай жатат, деп, / Түрс-түрс басып барганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Түрс эттирип бир койбой, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Төө таманын ойултуп, / Күн-түнү жок тарттырып, / Жетисуу жете барамын, / Таластыктын жылкысы, / Жүнсүз баары тобурчак, / Түрөгөй чалыш аргымак, / Бардыгы күлүк, түрс айак, / Семетейден ала албай, / Мен келгемин ушул жак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кулжа көөдөн, тайган төш, / Быкта бакай түрс айак, / Өргө салса өөрчүгөн, / Эңишке салса эринген, / Капталга салса камыкпас, / Канчалык чапса талыкпас, / Азыраак айыбы бул экен – / Бир эличе сээри пас. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →