түркүн
- Түрдүү, ар башка, ар кандай, ар түркүн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сайдырбай найза кагышып, / Канча түркүн сайышып, / Балталашып чабышып, / Баардык күчүн арнашып, / Найза менен балтадан, / Пайда таппай алардан, / Кылычты кындан суурушуп, / Кыйкырышып урушуп, / Кылыч…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ар жактакы элдерден, / Сыйкырдуу дуба билгенден, / Булутту кармап асмандан, / Ат ордуна мингенден, / Ортонуна жыланды, / Камчы кылып илгенден, / Жетимиш киши жабырап, / Колу- бутун баатырдын, / Байлайбыз деп бастырбай, / Түркүн-түркүн дубасын, / Түрмөгү менен салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…емир менен кетелек, / Андай жарак канча бар, / Бөрү тил учтуу канжар бар, / Учу кайкы шамшар бар, / Чойулуп чабар чоктор бар, / Очогор келте, Койчагыр, / Нечен түркүн мылтык бар, / Баарыдан мыкты жасаткан, / Ышкырып учкан жебе бар, / Түрүлгөн деңиз кептенип, / Түркүмдөп чыгаар эрлер бар, / Түртүшүп чыгаар шерлер бар, / Ушул …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чойтолоң такка мингенде, / Колуна хандык тийгенде, / Куткарбастан күмөнсүп, / Арамдык ичке киргенде, / Сейитиге жалбарат, / Түркүн түйүн сөз табат, / Сейитини алпарып, / Куткарбаска бир салат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Амалкөй вазир асылып жүрүп ар түркүн сөз менен канды эритип, буга да макул кылды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →