түркүм

китептерде 26 жолу, 6 китепте
  1. Топ, группа.
  2. Түрдүү, ар кандай, түркүн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Суу каптаган селдерге, / От каптаган жалынга, / Ар бир сонун жандарга, / Түркүм-түркүм айбанга, / Жолборс өңдүү балбанга, / Бойу тоодой төөлөргө, / Ат көтөргүс дөөлөргө, / Адам билгис сыйкырга, / Учурайсың чынында. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ар жаракка көнүгүн, / Абыдан тандап бөлүп ал, / Канча түркүм боло алсаң, / Душманга тийер көркүң ал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карап турган желмогуз, / Канча түркүм өнөрүн, / Сейитиге салыптыр, / Мындайды мурун көрбөгөн, / Тапан хан айран калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ойрон Кыйаз укканда, / Отуз эки толгонду, / Көөдөнгө канча ой толду, / Кашка байга Кыйаздын, / Айткан кеби бу болду: / — Көптү көрүп көп жашап, / Жаш өткөргөн киши элең, / Мындай нечен түркүмдөн, / Иш өткөргөн киши элең, / Эмине деп кеткенин, / Биле алдыңбы, уктуңбу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Адамга бердиң канатты, / Түгөнгүс түркүм санатты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →