түркүк
- Тирөөч, мамы.
- өт. Таяныч, тирек.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түркүгү да, түйүнү, / Такыр менин колумда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кысылса кокус Алмамбет, / Кыйалын башка бурбасын, / Кытайлыгын кылбасын, / Мен өлсөм мейли бир башым, / Тууган элим - алашым, / Түркүгү болгон Манасым, / Жөөсүндө каптап кетпесин, / Кескилеп этин кокустан, / Балакет ага жетпесин; / Азыркысын Алмамбет, / Айтканың кылып турайын, / Кызматтан мойну…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ички бети жагына, / Тартып койсо чойулган, / Койо берсе чогулган, / Темирден ташка орнотту, / Аркы учун байлатты, / Тектеп түркүк толготту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акыл ойлоп ар түрдүү, / Өзүнүн араң ишине, / Дүйнөгө түркүк болгондой, / Сүйүнүп өзү күлүңдөп, / Калыңга киши алдым деп, / Калгандарга оштонуп, / Дарбазадан киргенде, / Вазир менен бектерди, / Жалпы баарын кеткин деп, / Ээрчиткен бойдон дөө уулун, / Хан сарайга киргени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Каракан кызы Каныкей, / Катындан чыккан уз эле, / Камка тондун тышы эле, / Ак калпак элге эне эле, / Ак олпок тонго жең эле, / Түркүктөй элге бел эле, / Акылдын чыккан кени эле, / Сүт урган көркоо Канчоро, / Эмчегин эмген дээр эле, / Кадырын суттун кыларбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →