түрк
- Ири, чоң, семиз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айкөл Манас баатырдын, / Акылынын даанасы, / Кылган ишин карачы, / Токсон уруу түрк уулун, / Алтымыш уруу алаш деп, / Баш коштурган санаты, / Он төрт хан кылып чогултуп, / Тынган экен санаасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мен кат билбеген кара түрк, / Унутуп калам кокус, деп, / Он сыйра айтып жаттадым, / Сага кандай айтам, деп, / Кирпигимди какпадым, / Ошондо угуп жүрөмүн, / Бул үчөөнүн чогулуп, / Бир масилет тапканын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кара калпак, түркмөндү, / Сага берип салгансып, / Асыранды кыз алып, / Сен жүрөсүң алданып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кыргыздан чыкпай бир киши, / Түркмөндөн келген Кыргылды / Кырк кишиге баш кылды, / Киши кылбас иш кылды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кызыл буурул аты бар, / Айбандын түркү көрүнөт, / Үстүндөгү мингени, / Адамдын түркү көрүнөт, / Кызыл буурул жаныбар, / Басканы башка алчактап, / Айбандан башка көрктөнөт, / Үстүндө минген адамзат, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →