түрдөн1

китептерде 60 жолу, 8 китепте
  1. Ар түрдүү түргө, формага, көрүнүшкө келүү; көрүнүү, өзгөрүү, кубулуу, кебетеленүү, сыяктануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбачаны жалтанбай, / Найза менен муштады, / Сайдырбастан Бекбача, / Найзасын кагып жиберип, / Качырып кирди Каракөк, / Алгыр бүркүт түрдөнүп, / Найзасынын учунан, / Жалындаган от күйүп, / Табарсыктын башы деп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайган… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ошентип Торгой турганда, / Обу жок Отор чоң капыр, / Күүлөгөнө найза сундуруп, / Күүгүм туман көздөнүп, / Күңүрт сүйлөп тил келбей, / Бурулуп кеткен өңдөнүп, / Жамгырда келген сел өңдүү, / Өркөчтөнүп түрдөнүп, / Ого бетер Торгой кыз, / Жалдырап-жайнап дени өлүп: / “Беттешин көрбөй баатырдын, / Мен кетпедим не өлүп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
– деп, / Ачуу үн чыгып акырып, / Манастап салып бакырык, / Алгыр бүркүт түрдөнүп, / Кененим кирди качырып, / Калдагай кулак эр айтат, / Дабытай менен Ачакан, / Чакыртып келген элге айтат: / — Үнүн угуп турасың, / Жалаңгыч сарык келайтат, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чокморун күүлөп колго алып, / Түрдөнүптүр бул каапыр, / Жан алуучу немедей, / Сүрдөнүптүр бул каапыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
менен кайың бой жасап, / Карагайга жанашып, / Четин менен табылгы, / Кыпкызыл болуп жарашып, / Саргарган чөптөр ыргалып, / Кеңкол ата, чоң Талас, / Кадимкидей түрдөнүп, / Береке кирди тоо-ташка, / Баштакыдай сүрдөнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →