түрдө

китептерде 19 жолу, 8 китепте
  1. Ар түрдүү кылуу, ар түрдүү түргө, формага, көрүнүшкө келтирүү.
  2. Оюу-чийүү түшүрүү, түр салуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…чке салышып, / Кечинде кайта келишип, / Баатырлар кайтып келгенде, / Аттан жулуп алышып, / Алдына көрпө салышып, / Жарага даары чабышып, / Илегерлер чогулуп, / Түрдөп айла табышып, / Уктабай таңды атырып, / Кейипкерин багышып, / Тунарыгы ачылып, / Сүрүп чыкты таңатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Секичеги дейылда, / Мадыбектин катыны, / Жасаган үйдү барынча, / Он кертимден жүк жыйып, / Жүгүнө гилем жаптырып, / Алакийиз, түрдөмө, / Тикмелерин жаздырып, / Айу талпак, көлдөлөң, / Макмал менен тыштаган, / Бар керегин жам кылып, / Мына минтип Зулпукан, / Элдин алды келет, деп, / Күтүнүп бо… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Көкжал Алмаң күркүрөйт, / Ээрдин тиштеп сүрдөнөт, / Кабагын чытып бүркөлтүп, / Ач жолборстой түрдөнөт, / Келбетин көрүп баатырдын, / Казактар бойу дүркүрөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайсы түрдө эл болсо, / Душман болсо, дос болсо, / Алдынан тосо барайын, / Издеп келген дос болсо, / Учурашып жанайын, / Кекенип келген жоо болсо, / Салгылашып багайын, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ал ханга келип, даттанган түрдө минтип айтты: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →