түпөк

китептерде 49 жолу, 7 китепте
  1. Жылкынын куйругунун түбүнө жакыныраак айланта кертмек кылып кыркылган кылы.
  2. Найзанын уч жагына тагылуучу топ кыл.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көк түпөк кызыл найзаны, / Көпчүлүккө мылгытып, / Найзага кирген немесин, / Көгүчкөндөй зыргытып, / Карчыганын балык эт, / Май куйрукка мылгытып, / Зор Бактыбай, Турумбе… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көк түпөк найза карманып, / Көргөн бенде таңданып, / Көрктөнүп калмак шаңданып, / Карап турат Кара көк, / Канчалык киши калмак деп, / Катын баасы арбак, деп, / Калмактан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…лгемин, / Мени менен жети жан, / Атка мине камынып, / Бастырып чыга бергенде, / Кент коңгуроо кагылып, / Кеңдемеде көп аскер, / Туш-туштан чыкты жабылып, / Көк түпөк кызыл найзамды, / Көп кытайга мылгыттым, / Көчөдөгү душманды, / Көгүчкөндөй ыргыттым, / Сулаттым султандарыны, / Сумсайттым аскер баарыны, / Суудай төгүп канын… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Түпөктөн найза какалды, / Андан ары баралбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бооруна найза мадалды, / Түпөгүнөн такалды, / Калдайтып алды көтөрүп, / Желжетпес баса албады, / Ошол кезде Куйалы, / Жан жагына карады, / Үзүлүп кетип колкосу, / Сарыбайдын Тоосур ат, / Өлүп калган убагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →