түптүү

китептерде 32 жолу, 8 китепте
  1. Түбү бар, түбү чоң, түбү бекем, бекем орунтук алган.
  2. Тектүү, теги мыкты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тартынып дүйнө турчу эле, / Таласта кыргыз журту, деп, / Таанылып элге турчу эле, / Муну менен сегизи, / Түптүү Манас уулу, деп, / Бел байлап алаш жүрчү элек... Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ажыдаардай арбаймын, / Айанып сенден калбаймын, / Түптүү кыргыз журтуңду, / Түп көтөрө жалмаймын, / Обур-добур сөз айтып, / Оозунан көбүк чачылып, / Оттой жанып эки көз, / Ок жыландай атылып, / Опсуз тийди бакырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сен элебейсиң бурутту, / Түндүктүн элин курутту, / Орто Азийа ээлеген, / Орун алган калмакты, / Каңгайды карай чубуртту, / Түптүү хандын бири элең, / Туйбадыңбы ушуну? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Түптүү хандын шаары окшойт, / Карасам көзгө илинбейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Түп атам Манас жердеген, / Түртүшүп бенде жеңбеген, / Түптүү кыргыз эл экен, / Түнөргөн токой чер экен, / Атам Манас конушум, / Атын Талас дээр экен, / Оройу бузук Калдуубет, / Ошол жерге барбасын, / Талкалап Талас коргонун, / Чыгарып тарпын салбасын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →