түпсүз

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Түбү жок, абдан терең.
  2. Тексиз, теги начар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Күн менен түндүн өлчөмү, / Караңгы, жарык өлчөдү, / Тараза жылдыз батыптыр, / Таң сүрүлүп атыптыр, / Жеңилгенсип Чынаача, / Уктабастан жатыптыр, / Түпсүз ойго батыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Адамсыз ээн талаада, / Чумулгандай мүнөзүң, / Түпсүз терең санаага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Гүлүс жакка бет буруп, / Оо, султандан калган белегим, / Ак калпак кыргыз эл үчүн, / Абалап өскөн терегим, / Кеткен иш болсо кек кылбай, / Келерин терең ойлогон, / Түпсүз деңиз тереңим, / Кечириң кесип кемитип, / Жасоолдор сабап демитип, / Жабырды жаман тартканда, / Кыргыздан кечем дебепсиң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Түп атаңды түрүп айт, / Түп атасын билбеген, / Түпсүз кулдар болуучу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Түпсүз дүйнө экенин, / Көрсөтөлү көзүнө, / Сомбилектей баланын, / Эркибизге жөн койгун, / Бирден-бирден баралы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →