түпкүлүк
- Түпкү негизи.
- Акыры, акыр аягы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Азыркысын карабай, / Түпкүлүгүн ойлойлу, / Кыз алар болсо кыргыздар, / Жедигерге барышсын, / Кудалашып алышсын, / Куда болуп курчалып, / Кол кармашып муңдашып, / Сырдашып анан жанышсын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Атка минбей жөө туруп, / Келаткан элге угузуп: / — Үч жылганы өрдөгөн, / Үч уруу сенден эл көрдүм, / Түпкүлүк душман шекилдүү, / Түрпөтүңдү мен көрдүм, / Эр санасаң өзүңдү, / Мени сен өзүңдөн өөдө шер көргүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ “Кылбайын эми кабыз, деп, / Инисинен талашып, / Жоо сайды десе намыс”-деп, / Акылга дыкан Кардыгач, / Түпкүлүгүн дагы эстеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Билбегени эң жаман, / Көзаланын динини, / Түпкүлүгү Сейиттин, / Каралыгы билинди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Аты окшобойт болжолу, / Сейитек деп койгону, / Ойлоп көрчө баарыңар, / Ушул иш жакшы болбоду, / Түпкүлүгүн ойлойлу, / Баланы тирүү койбойлу!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →