түнт

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Калың, чытырман, жыш (мис. токой).
  2. Сөзгө сараң, көп сүйлөбөгөн, ичим тап (адам жөнүндө).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…гы тору атты, / Тери менен жабуулап, / Туулганын сыртынан, / Малакай кийип чөмөрүп, / Коргошун, коло аралаш, / Куйун салган Чойун баш, / Койдой кылып өңөрүп, / Түнт токойду аралап, / Күмбөздү күздөй жөнөдү, / Ачууланып көгөрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Итичпестин четинде, / Токойдун калың жери бар, / Камышы калың түнт түшүп, / Адам тапкыс жери бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Айтып баргын баатырга, / Мен Кара дөө сөздөрүм, / Сен көргөнсүң, токойум, / Тамчы суу жок чөлдөрүн, / Туйуктап койчу көлдөрүн, / Ат чалыкчу белдерин, / Жол табалбай калычу, / Түнт токойлуу черлерин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ал мезгилде жез кемпир сокусун араа кылып, сокбилегин балта кылып, түнт токойдун жоон жыгачын аралап, ичкесин балталап кесип, алдыга жыла берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →