түнкүсүн

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. Түн ичинде, түн убагында.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Түнкүсүн уктап жата албай, / Күндүзүндө дем албай, / Баркөлдүн ары жагында, / Куландын сары сайында, / Куту бий, Манас, Кумулдан, / Чабуулга барган кыргыздар, / Чогулушкан ал сайга, / Бекбачаны таба албай, / Каңгайга чейин барганга, / Ачык жооп алалбай, / Же кайра кетип калганга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Үлүш берип кунан чаап, / Ойноп балдар дуулдап, / Акачөлүм түнкүсүн, / Кыз- келиндер чуулдап, / Короосун кошо кайтарып, / Бекбекей айтып безилдеп, / Аңчылар бөөрү кармашып, / Аркар- кулжа бугу атып, / Текесин таштан кулатып, / Түлкүдөн кийип тебетей, / Мырзалары кырдашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Күндүзү көөнүн кирдеткин, / Түнкүсүн катуу уктаткын, / Так ушундай баккын, — деп, / Бара албай жылкыга, / Накайыл болуп жатсын, — деп, / Болжолдуу күнү Айчүрөк, / Канаты күнгө жаркылдап, / Учуп ке… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Күндүзү кечке куш салып, / Түнкүсүн жатып уйку алып, / Эр Семетей жүргөнбү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошондуктан түнкүсүн сайрагын, түнкүсүн эл бош, сайраганынды угуп ыракаттана маашырла-нышсын, Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →