түндөсү

китептерде 24 жолу, 7 китепте
  1. Түнкүсүн, түн ичинде.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күндүзү турган жам-жайкыт, / Түндөсү турган чайпалып, / Кубулжуган тоо көрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күндүзү кезек урушта, / Түндөсү баатыр Чигитей, / Түйшүктү салды бул журтка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Түндөсү боону тарттырган, / Топосун сыртка ташыткан, / Күндүзү кайта ноо койуп, / Суу менен оозун бастырган, / Үстү менен суу аккан, / Түбүндө айар жай казган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кырк киши бар жанында, / Жыйырмасы алдында, / Жыйырмасы артында, / Түндөсү кирип кетишет, / Жылчыксыз тоонун бооруна, / Мингени кызыл буурул де, / Кийгени аппак буулум, де, / Чылбырына чырмалып, / Карадөө турду кечке, де, / Күн бешимге барганда, / Ошондо келди кепке, де: / “Кээде угат кулагым, / Кээде укпай каламын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Түндөсү кетет Калдуубет, / Кайда барат ким билет? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →