түндүк2

  1. Жер шарынын төрт тарабынын бир жагы, түштүк тараптын карама-каршы жагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Лопнурдун чыгыш түндүгү, / Тообо-томук кылат дейт, / Ошондой өткөн жүргүнчү, / Чакмакташты Кетиркей, / Алдырып кетти Котенге, / Чакмакташ деген жер бар дейт, / Узун кулак укмуштуу, / Карылар айтат бул күндө, / Муну мындай таштайлы, / Жай таппаган Калдыктын, / Кармалганынан баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…нү бат өтпөй, / Бир күнү онго теңелип, / Торгой жатчуу үйүндө, / Атасы айтып кеп келип, / Калың казак журтуна, / Калбай бары эп келип, / Үйдүн саны үч болду, / Түндүгүнөн көрсөтүп, / Жыйган жүгү жык толду, / Ашырып айтып ийбесек, / Алтымыш нарга жүк болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ташкент, Кокон, Маргалаң, / Кашкар, Котен, Кешмирди, / Көз каранды кылган дейт, / Түндүктөгү Каңгайды, / Түп көтөрө алган дейт, / Урумдагы Орусхан, / Баштагы өткөн хандардан, / Будагы кыргыз уругу, / Манас менен бир тууган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ндан да бери карасам, / Катар-катар тамы бар, / Калың эмес, жок эмес, / Орто-карта багы бар, / Айландыра карадым, / Айра биле албадым, / Элеси көзгө көрүнөт, / Түндүк жакта жана тоо, / Ал кайериң Алмамбет, / Кабарың айтчы сен ошо?- / Алмамбет анда кеп айтат: / — Баарың көрдүң, үч баатыр, / Байкап уккун деп айтат, / Булуң тар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ошол күндөрдө бир кан жигиттерин ээрчитип куш салып чыгат, ал куш чалдын алачыгынын түндүгүнө келип конуп калат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →