түлөө1

китептерде 47 жолу, 8 китепте
  1. Жакшы ниет, тилек менен, же кырсыктан, оору-сыркоодон, оор абалдан ж.б. кутулгандык, арылгандык үчүн мал чалып, бата кылгандык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Болсун белги, болбосун, / Бастырып кетип калуучу, / Түнүндө барбай күмбөзгө, / Эртең менен барганы, / Эки бээни алпарып, / Арбагына арнады, / Жарабайт жылкы түлөөгө, / Ача туйак чалбады, / Токтоо кылып туралбай, / Баатырың жолго салганы, / Көкөй жүргөн келер, деп, / Келбей өтүп кетпес, деп, / Тоо бөксөлөп өтөт, деп, / Жол … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…/ Мойнунан жамгыр шорголоп, / Талаага чыкпай корголоп, / Ушул түнү шам менен, / Жаабай жамгыр токтолот, / Эшикке чыкса айкөлүң, / Мыдыр эткен киши жок, / Кызыл түлөө кезинде, / Кыйын жааган жамгырда, / Аты менен иши жок, / — Эсирген иттер жатсын,- деп, / Карабөрктү кабылан, - / Куланы бери тарткын, — деп, / Аккелтесин асыны… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колунда барлар тура албай, / Семетейдин алдына, / Кунан байге чаптырып, / Күмбөздү тайып түлөөгө, / Коондой бээни жардырып, / Ак бозунан алдырып, / Ай тамактап чалдырып, / Кемегесин каздырып, / Көп казанды астырып, / Калбай кыргыз көп келди, / Кара курттай кыжылдап, / Бар казанда май кайнап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Энекем тилин алгының / Бул пейлиңен жангының / Он, он беш күндө эл көчөт, / Эл күздөөгө түшкөндө, / Элге кабар салгының / Түлөө чырак өткөзүп, / Көпчүлүк менен баргының. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Сомбилек жеңди, деп угуп, / Түлөө кылып, мал сойуп, / Май кайнады бар үйдө, / Эр бүлө баары тынч алып, / Баары уйкуда бүл күндө, / Атыңды угуп биздин эл, / Бек ыраазы күнүндө, / Карынын баары ынтызар, / Айдай жүзүң көрүүгө, / Кут түштү деп калышат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →