түлөк
- Кыраан куштардын түлөгөн, бир жылдан ашкан кези, канча жолу түлөгөндүгүн көрсөтүүчү жаш өлчөмү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жалгыз бала Бакытбай, / Жашы толуп жетелек, / Балапан жүнү бата элек, / Балтыр эти ката элек, / Аттанып жолго баса элек, / Быйыл чыкты он үчкө, / Жаңы түлөк жаш эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Арстаныңдын Акшумкар, / Түлөктөн чыгып жетилген, / Сегиз айдан бер жакка, / Учпай туруп эриккен, / Эркине койсо күн бойу, / Эринип калбайт тебиштен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бозум түлөк чагынан, / Ат көтөрбөй жөө жүрүп, / Алп атанган ал Сейтек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Байлап койсом өлөт, деп, / Агийиндей шумкарды, / Агытып кетип калганбы, / Олуйанын үйүндө, / Үч түлөгүн түлөгүн, / Жаныбарым Агийин, / Асмандап учуп бул жерге, / Бирге кабар салганбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тиктесе көзү сурмалуу, / Түлөк куштай кылтыйган, / Баатыр Сыргак хан ошо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →