түлө
- Жан-жаныбарлардын, канаттуулардын эски жүндөрү түшүү.
- Теринин үстүнкү кабаты, кабыгы сыйрылып түшүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алдындагы тору атты, / Согончоктоп тебинип, / Отуз балбан торчуну, / Тобу менен сүйрөтүп, / Кара ташка тыттырып, / Кабыргасын түлөтүп, / Конушбайга жеткенче, / Баарын кырып түгөтүп, / Эндей калган темир тор, / Түрө кармай калганы, / Конушбайга жабылган, / Жүз кишиге салганы, / Анталаган жүз к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дердеңдеген кээ бирин, / Айландырып жерге чаап, / Кээ бирин Кененим, / Чыргадан бетер сүйрөтүп, / Этин ташка түлөтүп, / Тартайып сөөгү калганда, / Таштап койду тарбайтып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бозумун түлөп жетилип, / Тарандыбы чунагың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жалгызек баатыр бүркүттү, / Үч түлөтүп ал салган, / Азуулуудан жолукса, / Каман, бөрү, түлкү алган, / Кашкулак, карсак, саманчы, / Көргөнүн качан куткарган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Ичибизден кырмачыбыз Айылчы менен Түлөбай деген жигит.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →