түлкү
- Иттер тукумуна кирүүчү сүт эмүүчү жырткыч айбан.
- өт. Куу, кытмыр, митаам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сүлөсүн бар, чөөсү бар, / Түлкүсү бар, суусар бар, / Карсак менен кашкулак, / Аралашып буда бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Түлкү тойут таам берди, / Суусунга кымыз бербеди, / Ашып калган кымызды, / Сабаага куйуп жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жалгызек баатыр бүркүттү, / Үч түлөтүп ал салган, / Азуулуудан жолукса, / Каман, бөрү, түлкү алган, / Кашкулак, карсак, саманчы, / Көргөнүн качан куткарган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кыймылдарга чама жок, / Тирүү, өлүүсү билинбей, / Түлкү бойдон жан кетип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жолборс бир түлкүнү кармап алат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →